Бишкектеги кыргыз-орусиялык биргелешкен конференциясында 7 документке кол коюлду

Бишкекте 22-сентябрда өткөн кыргыз-орусиялык биргелешкен конференциясында аймактар аралык байланышты бекемдөөгө багытталган 7 меморандумга кол коюлду. Экономика министри Олег Панкратов конференция эки тараптуу кызыкчылыктын негизинде өлкөлөрдүн экономикалык байланышын бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн билдирүүдө.
Аталган министрлик Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк мамилеси экономикада айкын көрүнүп жатканын белгилейт. "Орусиянын каржылык колдоосу менен өлкөлөрдүн Бажы, Салык кызматтарынын ортосундагы маалыматтык карым-катыш жөнгө салынды. Кыргыз-казак чек арасынан бажы посттору алынды. Орусиянын катыштыгы бар ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, жалпы Евразиялык коомчулук үчүн жаңы атаандаштык артыкчылыктарын түзөт",- деп билдирет министрлик.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан