"Республикадагы бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын көйгөйлөрүн чечүүгө 1 миллиард сом жумшалат". Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Улуттук хирургия борбору менен Улуттук госпиталдын учурдагы абалы менен таанышып жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү бардык саламаттыкты сактоо мекемелери президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен инвентаризациядан өтүүдө.
"Жогорудагы ооруканалардын абалы менен таанышып, кубандым. Кыска мөөнөттүн ичинде бүгүнкү шартка ылайыкташтырып жасап коюшуптур. Баарын көргөн жокмун, бирок абалы жакшы болуп калыптыр. Өзгөрүүлөр бар, бирок булар жетишсиз.
Өлкөдөгү ооруканалардын жана поликлиникалардын абалдары менен таанышып, аларды үч топко бөлүп, ошого жараша жардам көрсөтөбүз. Биринчи топко кайра курууга муктаж болгон ооруканаларды, экинчисине капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек болгон, үчүнчүсүнө канча медициналык жабдык керек болгон ооруканаларды киргизебиз. Бул үчүн биз 1 миллиард сомго жакын каражатты топтоп турабыз",- деди Сариев.