"Бир бол" саясий партиясы кыргызстандыктарды 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну мындай:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз жана элибиздин тили, салты, маданияты күндөн-күнгө өркүндөп, кылымдарды карытып, түбөлүккө жашасын деген тилегибизди билдиребиз. Кыргыз тили - мамлекеттик тил катары Кыргызстандагы бардык улуттардын бири-бири менен баарлашуу тили. Мекен жана эне тилибиз - улут катары карманган жана улуттук аң-сезимди өнүктүргөн эки чоң ыйык баалуулугубуз.
Мекенди коргоо жана аны өнүктүрүү үчүн жаныбызды аябай, кандай тикебизден тик турсак, тилибизди да коргоп, өстүрүү, адабий жана илимий тил деңгээлин көтөрүү үчүн да ошондой жоопкерчилик көрсөтүү зарыл. Кыргыз тилинин мындан ары өнүгүшү үчүн "Бир бол" партиясы төмөнкү багыттарда иш алып барууну көздөйт:
1. Азыркыга чейинки демилгелерди ишке ашыруу. Президенттин жарлыктарында, өкмөттүн токтомдорунда көптөгөн жакшы идеялар бар, бирок аларды ишке ашырууда профессионализм жетишпейт. Ыкшоолук жана чабалдык байкалат. Биздин партия ушундай ак тилек менен баштаган, бирок бүтпөй калган демилгелердин баарын аягына чыгарууну көздөйт.
2. Кыргыз тили көркөм адабиятта жана тиричиликте колдонгон гана тил болбостон, илимдин дагы тили болуусуна өбөлгө түзүү максатында "Бир бол" партиясы кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерге өзгөчө көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтөт.
3. Элибиз кайрадан китептерди эң көп окуган эл болушу үчүн китеп чыгарууну, алардын баасы жалпы элге жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу зарыл. Азыркы мезгилде өлкөбүздө жан башына 1 сомдук сумма менен китеп чыгарылып жатат. Акындар, жазуучулар өз каражатына көбүнчө 500 нускадан китеп чыгарып жатышат. 6 миллион элге 500 нуска аздык кылат. Ал эми жан башына бешиктеги баланы кошуп эсептегенде 1000 сомго арак-шарап өндүрүлөт. Мындай кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүп, сергек жашоо жана руханий дүйнөбүздү байытуу маселесин ийгиликтүү чечебиз.
Кыргызстан элдеринин өз ара баарлашуу тили катары мамлекеттик тилди өнүктүрүү керек. Биздин өз эне тилибизди өнүктүргөнүбүз - мамлекетибиздин маанилүү негизин, пайдубалын бекемдегенибиз. “Бир бол” партиясы бардыгыңыздарды тил майрамы менен чын дилинен куттуктайт!
Бар болуңуздар! Бир болуңуздар!"
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.