
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы “Манас” Эл аралык аэропортунда орун алган америкалык аскер күчтөрүнө караштуу учкучтар Чүй облусуна 80 миң тонналык күйүүчү майларды төгүшкөн. Кыргызстандык эколог адистердин маалыматына караганда, учкучтардын мындай аракети облустун жүздөгөн гектар жерлерине зыян келтирген.

* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы советтик жана орусиялык актриса
Наталья Аринбасарова Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык училищени аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы аны орусиялык режиссёр Андрей Кончаловский Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартыла турган "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи жолу биринчи жолдошу Андрейдин досу - сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан. Бирок аны менен да түбөлүктүү боло алган эмес. “Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса кайра эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жамийла” тасмасында Жамийланын ролун аткарган.

* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы япониялык инженер
Соитиро Хонда тарабынан "Хонда Мотор" компаниясы негизделген. Алгач андан мотоциклдин кыймылдаткычтары чыгарыла баштаган. Кийин компаниянын жетекчилиги автоунааларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Япониянын өкмөтү өлкөдөгү "Toyota", "Nissan" жана "Mitsubishi" компаниялары менен атаандаш болуп, өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизет деп бул чечимге каршы чыккан. Ага карабай "Хонда Мотор" компаниясы жеңил автоунааларды чыгарууга өтүп, 1973-жылдары Honda үлгүсүндөгү унааларга АКШ жана Европада суроо-талап көп болгон.

* Мындан 17 жыл мурун, 1998-жылы жаңы зеландиялык
Клинт Халам аттуу адам тактай тилүүчү станокко бир колун алдыртып алат. Франциялык трансплантолог
Жан-Мишель Дюбернар Клинт Халамга башка кол тагуу боюнча операция жасап, ал ийгиликтүү өткөн. Бирок оорулуу дарыгер жазган атайын дарыларды ичпей койгондуктан, жаңы салынган кол жаңы денеде жашап кете алган эмес. Ошол себептен Клинт Халамдын суранычы менен 2001-жылы дарыгерлер жаңы салынган колду алып салууга мажбур болушкан.