Бишкекте “Трибуна” гезитинин редакциясынан 3 граната табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-мартта саат 13:20да 102 кызматына белгисиз аял телефон чалып, аталган гезиттин кеңсесинде жардыргыч зат бар экендигин билдирген. Текшерүү учурунда гезиттин башкы редактору Ырыс Өмүрзаковдун иш бөлмөсүндөгү документтер жана китептер салынган кутунун ичинен 3 жардыргыч зат табылган. Учурда атайын иликтөө иштери жүрүп жатат.