Эртең мененки Айт намазга келген “Бир бол” партиясынын лидерлеринин бири Акылбек Жапаров бир нече телекомпанияга интервью берип, кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктап өттү:
“Урматтуу бир туугандар, момун мусулмандар, баарыңыздардын айтыңыздар маарек болсун! Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ыйман бейпилдик орносун. Кирешеңиздер көбөйүп, чыгашаңыздар аз болсун. Ата-эне мээримин балдарына төгүп, колунда жокторго кайрымдуулук кылгандар көбөйсүн. Ошондой эле келечекте Кыргызстан гүлдөп-өнүккөн өлкөгө айлануусун каалап кетем. Мухаммед пайгамбарыбыз Жаратканга кайрылып, мусулмандарды жаш чыкпаган көздөн, кедейчиликтен жана эч кимге кереги жок билим менен тажрыйбадан сактасын деп суранган экен.
Урматтуу агайын-туугандар, момун мусулмандар, “Бир бол” партиясы сиздердин ата-энелерибизге мээримдүү болуп, колунда жокторго кайрымдуу болушуңуздарды каалап, кедейчиликти азайтуу боюнча өзүнүн программасы менен чыгып жатат. Биздин катарда билими жогору, тажрыйбасы мол болгон ага-эжелерибиз, курбалдаштарыбыз, программаны ишке ашырып кете турган жаштарыбыз бар.
Акыркы убактарда "Кыргызстандын келечеги болобу же болбойбу?" деген чоң суроо жаралып келет. Бул суроого “Бир бол” партиясы “ар бир үйдө ыйман, тынчтык болсо, биримдикте болсок, 2050-жылы Кыргызстан 50 өнүккөн өлкөнүн катарына кирет” деп жооп бере алат, анткени биздин программада каржылык булактар, приоритеттер аныкталган. Ислам принциптерин банк системине киргизүүдө жана адал стандарттарын ишке ашырууда экономикабыздын кубаттуулугун күчөтүп, пайгамбарыбыз айтып кеткен кедейчиликти азайтуунун жолдору каралган. Жумуш орундарын түзүп, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыздар-балдарыбызды кайра алып келүү максаты коюлган. Эң оболу ошол программаны ишке ашыра турган мыкты кадрлар топтолгон. Ой-тилегибизди, программабызды ишке ашыра турган мыкты командабызды топтоп, сиздердин таразаңыздарга коюп жатабыз.
Урматтуу туугандар, 4-октябрда баарыңыздар шайлоого катышып, жан дилиңиздер, акыл-эсиңиздер менен татыктуу партияны шайлап аларыңыздарга ишенем. Шайлоодо “Бир бол” партиясын тандап ала турган болсоңуздар, келечекте бир топ жакшы иштер ишке ашат”.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.