АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин 28-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында жолугушат. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Крымдын Орусияга кошулушу, Украинанын чыгышындагы окуяларга карата Орусиянын аракеттери, Сирияга орусиялык аскерлердин кириши тууралуу сүйлөшүү жүрөт.
"Азыркы учурда Путиндин Нью-Йорктогу программасы мындай: Башкы ассамблеяга катышып, бир катар кесиптештеринин докладдарын угат жана өзү баяндама жасайт. Андан кийин БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшүү жүргүзөт, делегация жетекчилеринин урматына БУУнун Башкы катчылыгынын атынан өтүүчү протоколдук иш-чарага катышат. Мындан кийин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Барак Обама менен жолугушат",- деп билдирди Песков.