Ош облусунун Ноокат районундагы айылдарда "Бир бол" партиясынын лидерлеринин бири Алтынбек Сулаймановдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары өттү. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Сулайманов саясатка аралашып калуусунун себебин түшүндүрдү.
"Мен үчүн адилеттик баарынан кымбат. Саясатка аргасыздан аралаштым, анткени бурмаланган чындыкка кайдыгер боло албайм. 25 жыл ичинде мамлекет оош-кыйыш учурларды башынан өткөрдү, баарыбыз ынтымакта, биримдикте жашоого умтулушубуз керек. Саясатта токой жаныбарлары сыяктуу түлкүлөр, чөөлөр, арстандар да болот экен. Азыр түлкүлөр менен чөөлөр көбөйгөн кез",- деп саясаттагы кара пиардын жүрүшүнө токтолду.
Алтынбек Сулайманов эл, мамлекет үчүн кызмат кылып келгенин белгилеп, эки жолу Ноокат эли колдоп, депутаттыкка шайлагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Чындык үчүн күрөштө алдыда жүргөнгө аракет кылуудамын, анткени акылмандар бекеринен “тай чабым алдыда жүрсөң, чаңда калбайсың” деген эмес" деген талапкер алдыда жүргөн жигиттер соккуну да биринчи алышарын кошумчалады. Кыргыз эли бөлүнбөй, атаандашуунун жакшы жагын алып жүрүүсү керектигин айтты.
Анын айтымында, "Бир бол" партиясы сурамжылоолор боюнча алдыда бара жатат. “Бир бол” партиясын колдоп берүүгө чакырган талапкер "жакшылыкка бириге турган мезгил келди" деген ураан таштап, көп улуттуу Кыргызстандын эли ага бирдей экенин, түндүк-түштүккө бөлбөй, баарына тегиз караарын айтты.
Сулайманов "Бир бол" партиясын колдоого чакырып, талапкер шайлоодон кийин да ар дайым эл арасында болорун, элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн дайым даяр экендигин белгилегени айтылат маалыматта.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.