Шайлоону көзөмөлдөө боюнча Улуттук кеңеш саясий партияларга эки тараптуу меморандумга кол коюуну сунуштоодо

Шайлоону көзөмөлдөө боюнча Улуттук кеңеш саясий партияларга эки тараптуу меморандумга кол коюуну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда аталган кеңештин төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу документте таза, калыс, тынч шайлоо өткөрүү, ошондой эле элге берилген убадаларды аткаруу жөнүндө жазылган.    
"Бардык саясий партияларды 29-сентябрда эки тараптуу меморандумга кол коюуга чакырабыз. Аталган келишим өз ара түшүнүүнүн жана өз ыктыяры менен макул болуунун негизинде түзүлүп, шайлоонун таза жана калыс өтүшү үчүн болгон биргелешкен аракет жана жакшы каалоо болуп саналат. Муну менен катар Жогорку Кеңешке өткөн саясий партиялардын шайлоо убагында берген убадаларын шайлоодон кийин да көзөмөлдөө иши Улуттук кеңешке тапшырылды. 
Улуттук кеңеш парламенттик шайлоодон кийин өзүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Учурда бизге үч арыз келип түштү. Алардын бири бул автордук укуктун бузулушуна байланыштуу болгон. Бирок биздин жумуш арыз кабыл алуу эмес, адегенде шайлоонун жүрүшүн мониторинг кылуу болуп саналат. Учурда биздин кеңеште ар башка курактагы жана ар кандай тармакта эмгектенген 13 мүчө бар",- деди Акун. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан