ӨКМ 3-март күнү саат 16:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 7-12-чакырымына кар көчкү түшкөнүн кабарлады. Бул аймакта көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан, кызматкерлер ал жерге барып кар көчкүнүн көлөмүн аныкташа элек. Унаа кыймылы да, кар көчкүнү тазалоо иштери да убактылуу токтоп турат.