Шайлоо-2015: "Бир бол" партиясы шайлоо программасындагы артыкчылыктарды атады

Бишкекте бүгүн, 25-сентябрда “Бир бол” партиясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова жана Кубанычбек Жумалиевдин катышуусунда парламенттик шайлоого аттануу алдындагы партиянын программасы талкууланды. Ага коомдук жана жеке ишкерлер, саясий серепчилер, илим изилдөөчүлөр, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Партиянын “Илбирс секириги” шайлоо программасына киргизилген стратегиялык багыттар катышуучулар тарабынан кеңири талкууланды.

Акылбек Жапаров партиянын программасынын приоритеттерине токтолуп: “Көп партиялардын программаларында приоритет жок, каржы булактары аныкталган эмес. “Бир бол” партиясынын программасынын артыкчылыгы – бизде эки приоритет бар: айыл чарбасы менен энергетика. Биз каржы булактарын так аныктадык, аны ишке ашырганга кадрларыбыз бар. Биздин программада кедей-кембагалдарга даректүү түрдө жардам берүү каралган. Ар бир үй-бүлөнүн кирешесине жараша жардам берүү. Ал эми орто катмардагы жарандар менен байларга тартип, жакшы жумушчу орундарын түзүүгө жана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге менчикти атадан балага өткөрүп берүү да каралган”,- деп билдирди. 
Ал эми өлкөбүздүн экс-премьер-министри Игорь Чудинов: “Жолугушуулар көрсөткөндөй, калктын басымдуу бөлүгү өз адистиги боюнча иштөөнү каалашат. Алдынкы 5 жылдык мөөнөттүн ичинде 70 миңден ашуун жумушчу орунду түзүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле биз учурдагы 16 министрликти 9га чейин кыскартууну программада сунуштап жатабыз. Муну менен 7 миллиард сомду кыскартып, аны элге насыя берүүгө пайдаланса болот. Мындан сырткары ЕАЭБдин алкагында кооперация жаатында тыгыз кызматташууну максат кылдык. Экспортту өнүктүрүү үчүн фитосанитардык лабораторияларды куруу, айыл чарбадагы өндүрүшчүлөр үчүн 9 логистикалык борборду тез арада куруу зарыл”,- деп шайлоо программасындагы пландарын ортого салды.

Сот системин реформалоо жөнүндө акыркы беш жылдан бери айтылып келгенин белгилеген белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова буларга токтолду: “Мыйзамдын иштеши инвестицияны жана жеке ишердикти өнүктүрүүдөгү негизги шарт болуп саналат. Ал эми мыйзамдын иштешинин негизги механизми - бул сот системи. Бул системдин эффективдүүлүгүнө жараша ишкердик биздин өлкөдө өнүгөт, же ишкерлерибиз өздөрүнүн капиталдарын Казакстан же Орусияга алып чыгып кетишет. Айрым чөйрөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн мыйзамдардын жазылышы соттордун көз карандылыгынан кабар берет. Алар ишкердик менен алектенген чиновниктерден көз каранды болуп калып жатышат. Сот тармагында жасалуучу эң кыйын жана зарыл болгон кадам - соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо”.

Билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, жаштардын кесиптик билими жокутугунан чет өлкөлөрдө аз маяна үчүн кара жумушта иштеп жатканын айткан мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев: “Азыркы тапта жогорку окуу жайлардын санын кыскартууну айтып жатышат. Мен буга каршымын. Ооба, жаман иштеген ЖОЖдорду кыскартуу керек. Биздин өлкөдө билим алууну каалагандардын баарына шарт түзүп берүү зарыл. Мисалы, башка мамлекеттерде билим алуунун баасы кымбат турат. Билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн жогорку окуу жайлардагы профессордук-окутуучулар курамынын деңгээлин көтөрүү кажет. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу үчүн инвесторлорго шарт түзүү керек”,- деди.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан