1-март күнү Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Окуяга күнөөлүү айдоочу кырсык болгон соң жабырлануучу айымга жардам көрсөтпөй из жашырган. Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгон аял 33 жашта болгон. Күбөлөр белгисиз кичи автобус жол жээгинде бара жаткан аялды сүзүп, токтобой кеткендигин айтышты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.