Аба ырайы, 28-сентябрь: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт

28-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C

Талас облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +1°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +6°C

Баткен облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +4°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +2°C

Нарын облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -3°C

Бишкек шаары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +5°C

Эскертүү! 

28-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. 

28-сентябрда күндүз абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +10…+15 градус, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +15…+20 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде +7…+12 градус болсо, тоолуу райондордо 0…-5 градус суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 

29-30-сентябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, кээ бир райондордо -1…-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жыйнала элек мөмө жана жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан