Жыйын жүрүшүндө токтомдун долбоору боюнча юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева маалымат берди.
Токтомдо Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айыл аймагында жайгашкан 0,25 гектар сугат-айдоо жерди жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Жекенди, Кашка-Суу айыл аймактарында жайгашкан 18,67 гектар жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө чечим кабыл алынмакчы.
Эл аралык мыйзамдарга жана иштөөдөгү улуттук ченемдерге жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган долбоордун ченемдери колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга каршы келбейт, ошондой эле долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган эмес. Аталган жер тилкелери Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, “Кыргыз-Кытай” магистралдык газ түтүгүнүн курулушуна бөлүнмөкчү.
Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев бул долбоор кыргыз өлкөсү үчүн эле эмес, жалпы аймак үчүн маанилүү экенин билдирди. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, аталган газ түтүгү бүткөрүлсө, 30 куб метр газ ташылып өтүп, Кыргыз Республикасынын аймагынан 215 чакырым узундукта болмокчу.
Бул долбоор 35 жылга эсептелип, жыл сайын мамлекеттик бюджетке 50-60 миллион АКШ доллары менен киреше киргизмекчи. Келишимге ылайык, газ өткөрүүчү линиянын курулушун 2015-жылдын аягында бүткөрүү каралган.
Жыйын аягында аталган токтом кабыл алынып, тиешелүү органдарга аны аткаруу тапшырмасы берилди.