Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 25-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынын алкагындагы саммитте баяндама жасады. ТИМдин билдиришинче, министр жаңыдан бутка туруп келе жаткан мамлекеттерди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чакырыктарга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. Анын айтымында, жакшы өнүгө элек мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүү максаттарынын ишке ашуусу аларды эл аралык каржылоо маселесинин адекваттуу чечилишинен көз каранды. Буга байланыштуу министр өнүккөн мамлекеттерди өнүктүрүү максатында расмий жардам берүү боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырганы айтылат маалыматта.
Улуттук саясат маселесине токтолгон ТИМдин жетекчиси кыргыз өлкөсү 2013-жылы туруктуу өнүгүүгө багыт алып, Улуттук стратегияны кабыл алганын, бул экономика тармактарын комплекстүү өнүктүрүү жана
айлана-чөйрөнү коргоо үчүн маанилүү элемент экенин айтты.