“Инновациялык технологиялар киргенден баштап шайлоо комиссияларынын айрым мүчөлөрү иштегенден коркушуп, жумушун таштап кетишүүдө”,- дейт "Таза шайлоо" ассоциациясынын мүчөсү Ракия Рахматова бүгүн, 28-сентябрда маалымат жыйынында. Анын айтымында, учурда өзгөчө айыл аймактарында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны абдан азайды.
“Борбордук шайлоо комиссиясы участкалардагы адистерин окутууга кайдыгер кароодо. Анткени окутуу, биринчиден, кеч башталган, экинчиден, өтө аз убакыт бөлүнүүдө, үчүнчүдөн, тренингдерге бардык комиссия мүчөлөрү катышууга мүмкүнчүлүк алышкан эмес. Мунун айынан жаңычылыктарды жакшы түшүнө албаган адистер арыз жазып жумуштан кетишүүдө. Бүгүнкү күндө резервде да адам жок. Мындан улам "Шайлоо күнү аз сандагы комиссия мүчөлөрү ишти кантип алып кетишет?" деген суроо жаралат. Өзүн тизмеден таппай калган жарандардын абалынан кээ бир партиялар пайдаланып, чыр-чатак чыгарышабы деген кооптонуу бар”,- деди Рахматова.