БШКнын чечиминен кийин "Республика-Ата Журт" партиясынын тарапташтары аймактарда чогулуп, митинг өткөрүүгө камынып жатышканын партиянын тең төрагасы
Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бирок партия лидерлери тарапташтарын тынчтыкты сактап, митингге чыкпоого чакырып жатышканын айтты.
"Шайлоого 6 күн убакыт калды. Ошон үчүн биз аймактардагы шайлоочуларыбызды тынчтыкты сактоого чакыруудабыз. Шайлоо өтүп, баары өз ордуна келет. Биз бүгүн БШКнын чечимин сотко бердик. Сот туура чечим чыгарат деген ойдобуз. Эгерде сот да туура эмес чечимге келсе, биз анда башка жол менен сүйлөшөбүз, бирок тынчтык жолу менен",- деди Ташиев.
Сот БШКнын чечимин "туура эмес" деп тапса, Ташиев кайрадан
депутаттыкка талапкерлердин катарына киргизилет.