
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Бишкектеги "Ош", "Дордой", "Аламүдүн", "Орто-Сай" базарларындагы контейнерлердин ээлери иш ташташкан. Нааразылык Каржы министрлиги тарабынан соода түйүндөрүндө кассалык аппаратты орнотуу талабынан улам келип чыккан.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Жогорку Кеңеште 2012-жылдын 1-январынан тарта "Кыргызстандын аймагында оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ага 1-ноябрда экс-президент
Роза Отунбаева кол койгон. Ал эми 2012-жылдын 16-июлунда бул мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага чейин мыйзам бузгандарга айып пул гана чектелип келсе, эми кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болгон. Көмүскөдөгү казинолорду жана оюн-автомат залдарын кармагандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы жазылган.

* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы италиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, ишкер
Сильвио Берлускони Милан шаарында туулган. Анын атасы банкта иштеген, апасы болсо үй кызматкери болгон. Ал төрөлгөн убакта Италияны Бенито Муссолини башкарып турган жана Германия менен Японияга кошулуп дүйнөнү кайра бөлүштүрүүгө катуу камданып жаткан. Берлусконинин балалыгы экинчи дүйнөлүк согуштун түйшүгү астында өткөн. Согуштан кийин акча табыш өтө кыйын болуп, Сильвио Куурчак театрында иштеп, ырчы катары акча тапкан. Акча анын эң бир таттуу кыялдарынын бири болгон. Милан университетинин юридикалык факультетинде окуп жүрүп да өзүнүн курсташтарынын үй тапшырмаларын акчага аткарып берген. Окуусуна төлөш үчүн ал фотограф болуп да иштеген.

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы БУУнун жыйынында
Фидель Кастро 4 саат 29 мүнөттүк сөз сүйлөп, "Гинесстин рекорддор китебине" таңдайынан чаң чыккан чечен катары кирген. Ал эми "Reuters" маалыматтык агенттигинин берген маалыматы боюнча, Фидель Кастро 1986-жылы Куба Коммунисттик партиясынын үчүнчү съездинде 7 саат 10 мүнөткө созулган сөз сүйлөгөн.