Кыргыз жеринде баалардын кескин өсүп кетишин көзөмөлдөөчү топ түзүлдү

Кыргыз жеринде азык-түлүк бааларынын кескин жана негизсиз өсүп кетишин көзөмөлдөөчү топ түзүлдү. Экономика министрлигинин билдиришинче, мындай кадамдын максаты - Кыргыз Республикасын ЕАЭБдин шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу. Мекемелер аралык координациялык топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киришти. 
Топ жыйындарды өткөрүп, баалардын эмне үчүн көтөрүлүп жатканын талкуулап, бааны туруктуу кармап туруу үчүн сунуштамаларды иштеп чыкмакчы. Базарларды товар менен камсыздоо, тийиштүү мыйзамдардын чегинде өлкөдө, ЕАЭБдин алкагында бааларды кармап туруу үчүн эскертүү чараларын көрүү боюнча сунуштамаларын бериши керек. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан