Тынч, таза шайлоо өткөрүү жана берген убадаларды аткаруу боюнча меморандумга кол коюуга 5 гана партия келди

Парламенттик шайлоону көзөмөлдөө боюнча Улуттук кеңеш сунуштап жаткан меморандумга кол коюуга 5 саясий партия келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте меморандумга кол коюуга арналган жыйында белгилүү болду. Улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, бул документке кол коюу эркин түрдө жүргүзүлөт. 
"Эки тараптуу документте таза, калыс, тынч шайлоо өткөрүү, ошондой эле элге берилген убадаларды аткаруу жөнүндө жазылган. Бүгүнкү иш-чарага 14 партиянын ичинен 5 партия гана келгени жакшы эмес, бирок 4-октябрга чейин башка партиялар да келет деп ишенебиз жана күтөбүз",- деди Акун.
Улуттук кеңеш меморандумга кол коюуга катышпаган партияларды жарыялай турганын кошумчалады. 
"4-октябрга чейин меморандумга кол коюуга катышпаган партияларды коомчулукка жарыялайбыз. Ошондой эле шайлоодон өткөн партиялардын ар бир 3 ай, 6 ай сайын берилген убадаларын аткарып жатканын же аткарбай жатканын жарыялайбыз",- деди Акун. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан