Владимир Путин менен Барак Обама жолугушту

28-сентябрда Нью-Йоркто Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама 2013-жылдан бери биринчи ирет жолугушушту. Эки президенттин сүйлөшүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде жабык эшик артында өткөнүн чет элдик маалымат каражаттары жазышты. 50 мүнөткө пландалган бул сүйлөшүү 1 саат 40 мүнөткө созулуп, Сирия жана Украинадагы абалды талкууга алышканы айтылды. Путин Орусия менен АКШнын алакасы эң төмөнкү деңгээлде экенин белгилеп, бирок бул жолугушуу өтө пайдалуу жана ачык болгонун БУУнун Башкы ассамблеясында айтты. Обама Сириядагы абалга токтолуп, Сирия президенти Башар Асад президенттик бийликти башка адамга өткөрүп берүүсү керектигине басым жасады. 
Өз кезегинде Путин Обаманын Сирия президенти менен кызматташууга барбай жаткан саясатын чоң катачылык катары сыпаттады. 
Ошол эле учурда БУУ делегаттарынын түштөнүү учурунда Путин менен Обаманын бокал көтөргөнү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн чоң кызыгуусун жаратты. Бокал көтөрүүгө чейин БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун экөөнүн ортосунда отуруп, андан кийин туруп кеткен. 
Андан кийин Путин журналисттерге: "Мунун артында эч нерсе турбайт. Бул протоколдук иш-чара, башка эч нерсе эмес",- деп түшүндүрмө берди.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан