Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Билим-Ордо” аттуу мектеп комплекси ачылды. Комплекстин курамында Алыкул Осмонов атындагы гимназия жана 2 бала бакча бар. Бул тууралуу мектептин директору Людмила Ворочева билдирди. Маалым болгондой, билим мекемеси 1020 окуучуга ылайыкталган. Анда 13 кыргыз, 23 орус класс бар. “Мектеп материалдык жана техникалык жактан жакшы камсыздалган. Мугалимдер дагы билимин жогорулатуу үчүн атайын курстардан окуп келишкен. Эгер бала кичинесинде бала бакчага барбаса, анын билим деңгээли төмөн болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мектептин карамагына бала бакча ачтык”,- дейт директор.