Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында 100 метрлик кудук ишке берилет

Ысык-Көл облусундагы Өрнөк айылында тереңдиги 100 метрди түзгөн кудуктун иши бүткөнү калды. Бул тууралуу аталган айылды карамагына алган Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Сарбагышев билдирди. Кудуктун иши бүтсө, 1026 тургун жашаган айыл таза суу менен камсыз болмокчу. “Бул иштер 2012-жылдын декабрь айында башталып, буга облустун өнүктүрүү фондунан 1 миллион 100 миң сом бөлүнгөн. Кудукту толук бүтүрүү үчүн дагы 1 миллион 185 миң сом талап кылынат. Мурда айылдын жашоочулары коңшу айылдан суу ташып жүрсө, 1-2 айдын ичинде бул маселе чечилет”,- деди Сарбагышев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан