Эл аралык байкоочулардын жашап туруусуна кеткен чыгымдар сметада каралган эмес

Эл аралык байкоочулардын жашап туруусуна кеткен чыгымдар сметада каралган эмес. Мындай маалымат бүгүн, 29-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды. Белгилүү болгондой, эл аралык байкоочулардын жашап туруусуна кеткен чыгымдарды төлөө КРнын “Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 12-бөлүгүнө ылайык каралган. Чыгымдардын так саны айтылган эмес жана ал атайын эсептин же болбосо үнөмдөөнүн эсебинен сарпталат.    

Муну менен катар БШКнын жыйынында 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө токтому каралды. Ага ылайык, бүгүн комиссия мүчөлөрүнө 10 эл аралык байкоочу көрсөтүлдү, алар 7 уюмдун өкүлдөрү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан