* Мындан 131 жыл мурун, 1884-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Акындын чыгармачылыгынын башталышы XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта өткөндүктөн, дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн кемчиликтерин ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн эзүүчү таптан далай кордук көргөн.
Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болсо, ал эми канаттуулар, айбандар жөнүндөгү “Бул куштардын санаты”, “Жырткычтар”, “Залим хандар азабы” сыяктуу айрым ырларынын башталышы атасынын тийгизген таасиринен жаралган. Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү “Буракжан”, “Мөлмөлүм”, “Мырзайым”, “Арзыкан”, “Ак жылдыз”, “Лөлүкан”, “Дилбарым”, “Гүзал кыз”, “Өзгөчөм” деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.
Барпы Алыкулов 1949-жылы 9-ноябрда 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат
Руслан Шабатоев дайынсыз жоголгон. Ал борбордогу кафелердин биринде отурган жеринен бирөө телефон чалып чакырган боюнча кайра кирген эмес. Анын сөөгү туура 1 жыл 1 күндөн кийин, 1-октябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы капчыгайдан табылган.

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы италиялык актриса, модель
Моника Беллуччи Италиянын Ситта ди Кистельо шаарчасында туулган. Мектепти аяктаган соң ЖОЖдордун бирине юридикалык факультетке тапшырат. Студент кезинде Милан шаарындагы эң престиждүү "Элит" аттуу мода үйүнөн чакыруу алууга да жетишет. 1987-жылы мода дүйнөсүнүн алптары аталган Дольче менен Габбананын да көзүнө урунуп, алар менен тыгыз иштеше баштайт. Ошондон кийин моделдик карьераны тандап, юрист болуу оюнан кайткан.
Кино жаатында анын алгачкы ролу режиссёр Френсис Коппола тарткан "Дракула" деген тасмада жаралган. Андан кийин эле француздардын "Квартира" аттуу фильминде башкы каармандын ролун аткарып, европалык белгилүү "Сезар" киносыйлыгына татыган.
2000-жылдар актриса үчүн атак-даңктын туу чокусу болгон. Актрисанын көпчүлүктүн эсинде калган белгилүү ролдорунун бири режиссёр Ален Шабага таандык "Астерикс жана Абеликс: Клеопатранын миссиясы" тасмасындагы Клеопатранын ролу болгон. Ал эми актрисанын өмүр баянын чагылдырган "Малена" деген фильмде өзү башкы ролду ойногон.