Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында 29-сентябрда мал союучу комбинат ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комбинат күнүнө 50 бодо мал жана 100дөн ашык майда малды союуга жетишет. Мал союучу комбинаттан сырткары жаратылыш газын алууга жана жер семирткичтерди чыгарууга да бардык шарттар түзүлгөн. Мындай шартта комбинатта союлган малдан эч кандай ашыкча калдык чыкпайт. Ишкананын жетекчилиги 2016-жылдын аягында этти жана кайра иштетилген азыктарды жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттоону пландап жатат.
Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев: "24 жылда биз Советтер Союзунан калган комбинат, цехтердин баарын жоготтук. Алардагы техникалардын да эскилиги жетти, андыктан жаңы цехтерди куруп, кыска убакыт аралыгында айыл чарба тармагын жандандырууга болот. Бул КРнын Президентинин 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында да так жазылган. Азыркы тапта биз айыл чарба тармагын 14 пайыз гана кайра иштетүү менен камсыз кылып жатабыз. Муну 80 пайызга жеткирүү зарыл. Эгерде Кыргыз-Орус фондундагы 1 миллиард АКШ долларынын 10 миллион АКШ долларын ушул тармакка сарптасак, он мал союучу комбинат ачылат экен. Өзгөчө Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Тоң райондорунда бул долбоор абдан керек”,- деди.