Бүгүн сот Камчыбек Ташиевдин маселесин карайт

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечими мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин карайт. Бул тууралуу саясий уюмдун мүчөлөрү жарыялашты.

Алардын айтымдарында, партия аталган сотко Борбордук шайлоо комиссиясынын Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимине даттануу боюнча арыз жазышкан. Соттук отурум саат 10:00дө башталмакчы.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан