Жогорку Кеңештин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жоюу боюнча декларацияга 14 партиянын 9у гана кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынында «КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жокко чыгаруу» кыймылынын өкүлү Тамерлан Ибраимов билдирди. Анын айтымында, аталган декларацияга ылайык, жаңы түзүлгөн парламент жумушка киришкенден кийин 30 күндүн ичинде аларга карата болгон жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жоюшу зарыл.
«Декларацияга 5 саясий партия ар кандай себептерди айтып, кол коюудан баш тартты. Алардын кай биринин лидерлери макул болушса, ал эми партиянын өкүлдөрү «бул лидердин гана ою, биз мындай документке кол коюуга макул эмеспиз» деп билдиришкен. Кээ бир партиялардын өкүлдөрү артыкчылыктардын жана жеңилдиктердин баарынан айрылууга даяр эместигин билдиришти. Биздин оюбузча, депутаттар мындай кызматка байлык үчүн эмес, элге кызмат кылуу үчүн келиши керек»,- деди жарандык активист.