Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин БШК тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылышы каралууда. Соттук отурум судья Алмаз Калыбаевдин төрагалыгы астында өтүүдө. Соттун "К.Ташиев кандай максат менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын штабына барган?" деген суроосуна "Республика - Ата Журттун" өкүлү "Камчыбек Ташиев аталган партиянын Бек-Абад айылындагы штабына партиялардын биригүүсүн талкуулоо үчүн барышы мүмкүн" деп жооп берди.
Партиянын дагы бир өкүлү: "Ташиев штабга Абдубахаповдун чакыруусу менен келген. Шайлоо алдында талапкерлер бири-биринин штабдарына барып талкууларды жүргүзүшөт. Ар кандай маселелерди талкуулашат. Мында эч кандай терс көрүнүш жок деп ойлойм. Ташиев Абдубахаповду ургандыгын аныктоочу далилдер жок. БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, туура эмес чечим чыгарган",- деди.
Белгилей кетсек, сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Республика-Ата Журт" партиясы тарабынан укук коргоочу Атыр Абдрахматова, Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыктарын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатат.