Камчыбек Ташиев боюнча соттун чечими 15:30да чыгат

Биринчи Май райондук сотунун К.Ташиев боюнча чечими бүгүн саат 15:30да чыгат. Бул тууралуу соттук отурумдун жүрүшүндө судья Алмаз Калыбаев билдирди.
Белгилей кетсек, сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Республика-Ата Журт" партиясы тарабынан укук коргоочу Атыр Абдрахматова, Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыктарын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатат.
Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан