“Шайлоо астында партиялар ар кандай убадаларды бере беришет, бирок алар аткарылат деп эч ким кепилдик бербейт”. Мындай пикирди бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынында коомдук ишмер Рита Карасартова билдирди.
“Учурда айрым саясий партиялар “депутаттардын артыкчылыгын жоюу декларациясынын бизге кереги жок, анткени ал биздин программада жазылган” дешүүдө. Бирок биз жакшы билебиз, депутаттар бийликке келгенде шайлоо астындагы айтылган убадалары боюнча “биз демилгеледик, бирок бизди эч ким колдобой койду” деп кутулуп кетишет. Ал эми декларация такыр башка нерсе, анын аткарылышын эл көзөмөлгө алат.
Декларацияда жазылган пункттардын бири - эки жолу депутат болгон эл өкүлдөрүнүн персоналдык пенсияларын жоюу. Бүгүнкү күндө бир чакырылышта 120 депутат эмес, 600 депутат иштеп кетип жатканын көрүп жатабыз. Бир-эки ай иштеп, кийин ал депутат эмнеге көлөмү чоң болгон персоналдык пенсия алышы керек? Депутаттар, силер элита эмессиңер, силер деле кадимки пенсияга чыккан жарандай акча алышыңар керек. Эл өкүлдөрү эл жашаган жашоо менен жашашы керек”,- дейт коомдук ишмер.