Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы менен райондук Жарандык актыларды каттоо кызматынын башчысына кылмыш иши козголду. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан сот органдарындагы коррупциялык иштерди азайтуу максатында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы И.Б.К. жана аталган райондун Жарандык актыларды каттоо кызматынын башчысы С.Р.Т. мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Алар И.Б. аттуу аялдын мыйзамсыз негизде алимент жаздырып алуусуна жасалма документтерди даярдап беришкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан