Бүгүн, 5-мартта саат 07:30 чамасында Бишкек шаарындагы Манас-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болду. Окуядан 2 адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Белгилүү болгондой, Мазда унаасынын айдоочусу каршылаш келе жаткан унаалардын жолуна чыгып 3 унаа менен кагылышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.