Шейшенбек Байзаков "Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу" медалы менен сыйланды
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси, КРнын Бильярд спорт федерациясынын вице-президенти Шейшенбек Байзаков "Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу" медалы менен сыйланды. Ысык-Көл райондук кеңешинин XXI сессиясынын №7-токтому чыгып, ага аким Р.Имангазиев кол койгон. Бул тууралуу: "Мындай наамдарымдын саны ушуну менен 12ге жетти",- дейт Шейшенбек Калильбекович.