4-март күнү Мамлекеттик салык кызматынын имаратында Мамлекеттик желекти салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү. Иш-чарага аталган кызматтын төрагасы Исхак Масалиев, анын орун басарлары жана салык кызматкерлери катышты. Исхак Масалиев мамлекеттик желек күнү тууралуу төмөндөгүдөй каалоо айтты: “Мекенибизди сүйөлү, урматтайлы, даңазалайлы. Мамлекетибиздин тагдыры ар бирибиздин колубузда, ошондуктан анын жаркын келечегин камсыздоого бирге аракет кылып, өз салымыбызды кошолу. Кыргыз элинин ыйык туусу түбөлүк желбирей берсин”.