Президент карыларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-октябрда мамлекетибиздин улгайган жарандарын Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздерди Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтен кыргыз эли карыларын кадырлап, ата-энени урматтап, аялдарды сыйлап, балдарды аздектеп келген. Ушул асыл сапатты нечен кылымдардан бери аздектеп, муундан муунга өткөрүп сактаган.

Аймактарга иш сапар менен барганымда дайыма аксакалдар менен учурашкан сайын өзгөчө жылуу сезимдерге туш болом. Сиздердин аталык мээримиңиздерди сезем, нарктуу кептериңиздерди угуп, жан дүйнөмдү байытам.

Сиздер Кыргыз Республикасынын элине күжүрмөн эрдиктин, талыкпай эмгектенүүнүн, чыныгы мекенчилдиктин, акылмандыктын үлгүсүн көрсөткөн жаратман муунсуздар. Сиздер өлкөнүн келечеги үчүн иштедиңиздер. Республикабыз бүгүнкү күндө да сыймыктанган ийгиликтер, жаңы жөрөлгөлөр сиздердин колуңуздардан жаралган. Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз, сиздерди эч нерседен кем кылбай камкордук көрүү – моюнубуздагы ыйык парз.

Сиздердин өтөлгөлүү өмүр, кажыбас кайратыңыздар, мекенчилдигиңиздер жаштарыбызга өрнөк. Чарчадым-чаалыктым дебей көпчүлүгүңүздөр азыр дагы коомдук иштерге жигердүү аралашып, эмгектенип, небере-чөбөрөлөрдү тарбиялап, үй-бүлөгө тирек болуп жүрөсүздөр.

Ардактуу ардагерлер, сиздерге терең таазим кылабыз! Сиздер бар – ырысыбыз бар! Элдин куту – сиздер! Өлкөдөгү ынтымактын, биримдиктин данакери, каармандыктын жана сабырдуулуктун үлгүсү болуп арабызда жүрө бериңиздер!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай каалайм! Неберелердин күлкүсү кубандырып, жашооңуздар жакшылыкка, урмат-сыйга, камкордукка бөлөнсүн!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан