4-мартта баш калаадагы шаардык муз аянтчасында хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун 3-туру аяктады. Таймаштын 1-2-турларында "Арстан" (Бишкек), "Ала-Тоо" (Нарын), "Жумгал-Шортон" (Чаек) жана "Хан-Теңири" (Бишкек) командалары жеңүүчү болушкан. Ал эми финалда "Ала-Тоо-Дордой" (Нарын) менен "Хан-Теңири" (Бишкек) командалары беттешип, жыйынтыгында 8:2 эсеби менен "Ала-Тоо-Дордой" командасы жеңүүчү болду.