Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз элин 1-Октябрь - Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Ардактуу аталар, ак элечек апалар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Эл аралык карылар күнү менен чын дилден куттуктайм! Улуу кыргыз эли илгертен бери бардык маселелерди акылман аксакалдардын, даанышман энелердин кеп-кеңеши менен чечип келген. Азыр да мамлекеттүүлүктү бекемдөө иши карыларыбыздын жүрөгүндө сакталган элибиздин нарк-насилин, каада-салтын, бай тарыхын жана көөнө маданиятын жаңы шарттарда колдонуу менен жүргүзүлүп келет.

Бүгүнкү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты - көөнө акылдын көөнөргүс казынасы болгон аталарыбызга, энелерибизге татыктуу кам көрүү, аларга дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүүнү камсыз кылуу. Ушундай максат менен бейпилчилик өкүм сүргөн адилеттүү коомду, экономикасы өнүккөн күчтүү мамлекетти курабыз.

Урматтуу аталар, ардактуу энелер, баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо, бактылуу карылык каалаймын! Ар бир үйдүн төрүнүн көркү, коомубуздун тиреги болуп жүрө бериңиздер. Гүлдөгөн Кыргызстанга сиздер менен чогуу күбө бололу.

Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан