“Атайын ведомство аралык иштиктүү топ тарабынан 2015-2017-жылдарга азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа иштелип чыккан. Учурда Кыргыз Республикасы тамак-аштын тогуз базалык продуктусунун үчөө менен гана өзүн камсыздайт. Базалык продуктулардын катарына дан түрүндө эсептелчү нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмөлөр, эт, сүт, кант, жумуртка жана өсүмдүк майы кирет. Биз жасай турган негизги нерсе – продуктуларды пайдалануу маданиятын өзгөртүү. Биз сүт продукциясын, жер-жемиштерди аз пайдаланабыз. Ошол эле учурда өз каражатыбыздын 63 пайызын тамак-ашка жумшайбыз",- деп белгиледи ал.
Премьер-министр билдиргендей, тийиштүү органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бейөкмөт уюмдар жана бизнес-коомчулук менен өнөктөштүктө аталган программа тарабынан аныкталган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыздоосу тийиш.
"Бул үчүн бардык шарттар бар. Учурда биз ар бир аймакта 3-4 күнөскана ачуудабыз, алардан түшкөн кирешелер 10 эсеге жогорулатылышы зарыл. Биз насыяларга карата жеткиликтүүлүктү ишке ашырдык. Өткөн жылы гана өкмөт 5,6 миллиард сом көлөмүндөгү субсидияланган кредиттерди берди. Быйыл бул көлөмдү 15 миллиард сомго дейре жеткиребиз",- деп кошумчалады Сариев.