Чаткал районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде адам жок болуп калгандыктан, 5 саясий партиядан талапкерлер киргизилди

Чаткал районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде адам жок болуп калгандыктан, 5 саясий партиядан талапкерлер киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен 8 адам арыз жазып чыгып кеткен. Мындан улам БШК саясий партияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жасаган, андан кийин 5 саясий партиянын өкүлдөрү комиссиянын мүчөлүгүнүн резервине киргизилген. Ал эми жергиликтүү органдардан комиссияга мүчө болуу боюнча сунуштар түшкөн эмес.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал, Нарын облусунун Нарын шаардык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан 6 адам чыккан. Ошондой эле резервден 8 адам чыгып, жалпы сан 14 адамды түздү. Алардын ордун резервден 14 адам толуктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан