Бүгүн Жогорку Сотто Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгаруу маселеси каралат

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сотто "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу маселеси каралат. Бул тууралуу саясий уюмдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 14:00дө башталмакчы. Анда Ташиевдин тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин жокко чыгарууну суранышат.

Айта кетсек, 30-сентябрда Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан