Президент ИИМдин 180 кызматкерине үйдүн ачкычтарын тапшырды
Бүгүн, 2-октябрда Ички иштер министрлигинин 180 кызматкери Бишкектин Көк-Жар конушунан үйлүү болду. Ачкычтарды президент Алмазбек Атамбаев өз колу менен тапшырды. 108 кызматкерге 1 бөлмөлүү үй берилсе, 72сине 2 бөлмөлүү үй берилди. Айрымдары көп балалуу болгондуктан, президент аларга кийин 3 бөлмөлүү үй бериле турганын айтты. "Кээси 3-4 балалуу экен, аларга кийин салынган үйлөрдөн берилет. Азыркысын башкага өткөрүп беришет, анткени аларга 2 бөлмөлүү үй тардык кылат",- деди Атамбаев.