Тайырбек Сарпашев шайлоого карата бирөөлөрдүн паспортторун пайдаланган шылуундар тууралуу айтты

"Айрым жарандарыбыз "Форма 2" деген документти толтурганын өздөрү билишпейт, алардын ордуна башка бирөөлөр толтуруп койгон учурлар бар". Мындай пикирди бүгүн, 2-октябрда журналисттер менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, айрым партиялар шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн чогултуп, ушундай ыкма менен добуш алууга аракет жасашууда.
"Өлкө боюнча "Форма 2ни" 237 миң адам толтурган. Алардын арасында аталган документти толтурганын өздөрү билбегендер бар, мисалы, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ураан айылында 120 шайлоочу бул документти толтурган. Алардын сегизи өзүн тизмеден таппай калып, териштире келгенде, жарандардын бири Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндө кошумча шайлоо участогуна киргизилгени аныкталган. Кийин белгилүү болгондой, ал шайлоочу паспортун бир адамга берген экен, ошол адам анын каттоосун Сокулукка которуп салган. Бизге жеткен оперативдүү маалыматтар боюнча, айрым партиялар "20 адамдын паспортун чогултуп, 5 миң сом ал" аттуу акция өткөрүп жатыптыр. Бул материалдардын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп берилет",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан