"Бир бол" партиясынын №1-талапкери Мыктыбек Абдылдаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, кайрылуусунда талапкер буларды айтты:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына күрөшүп жаткан "Бир бол" саясий партиясынын атынан кайрылып жатабыз. Алдыдагы парламенттик шайлоодон баарыбыздын үмүтүбүз зор. Эгемендүүлүккө жеткенибизге дээрлик чейрек кылым болуп, ушул жолу үмүттөрдүн көбү акталат, көптөгөн тилектер турмушка ашып, татыктуу депутаттарды, элдин кызматына жарай турган бийликти шайлап алабыз деп ишенебиз.
Ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын турмушунда орун алып келген кемчиликтерди оңдоп, ээрге түз отуруп, басыгыбыз күчтүү болот, алыска канат сермейбиз деген гана тилек. Азыркы дүйнөлүк масштабдагы опурталдуу заманда элибизди, мамлекетибизди коргоо - эң негизги милдет.
"Элибиздин зор үмүтүн актаган кайсы инсандар, кайсы саясий күч бар?" деген суроого биз "Бар, ал "Бир бол" саясий партиясы" деп жооп бере алабыз. Себеби бизде потенциал жетиштүү, эң негизгиси, биздин талапкерлер профессионалдардан түзүлүп, мамлекеттик кызматтарда, жарандык коомдо такшалган адистерден түптөлгөн.
4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо элибиздин колдоосуна ээ болгон убакыттан тартып биз өз программабызды иш жүзүнө ашырабыз. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тартипти күчөтөбүз, себеби тартип бекем болсо, мыйзамдар аткарылып, элибизде бийликке болгон ишеним артат. Улуттар аралык ынтымак, саясий күчтөрдүн бирдиктүү максаты биригүүгө, саясий амбициялардын конструктивдүү болушуна шарт түзөт.
Элге профессионалдуу деңгээлде иштеп бере турган башкаруу аппаратын түптөйбүз. Башкарууга тажрыйбасы мол, улуттук кызыкчылыкты алдынкы катарга койгон мекенчилдер келет. Биз таланттуу, билимдүү жаштардан турган жаңы саясий элитаны калыптандырууну колго алабыз. Ошол эле убакытта улуу муунга урмат-сый көрсөтүп, татыктуу жашоо шартын түзүүнү негизги милдетибиз деп сезебиз.
Ушул милдеттер жана максаттар, аларды ишке ашыруунун жолдору биздин "Илбирс секириги" программасында так көрсөтүлгөн. Биз реалдуу программаны түздүк жана аны аткарууга бардык аракеттерди жумшайбыз. Элибизди биримдикке чакырабыз. Биз бир болсок бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.
Урматтуу мекендештер!
Бар бололу, бир бололу!
Сиздер бизди колдойсуздар деп терең ишенебиз!"Кайрылуунун толук текстин бул жерден окуп, видеосун ушул шилтемеден көрө аласыздар.