
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы ырчы
Анапия Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Ж.Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана А.Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы “Sony” компаниясынын негиздөөчүсү, теги япон
Акио Морита 78 жашында көз жумган. Япониялык инноватор, жеке ишкер Акио Морита 1921-жылы 26-январда Япониянын Ногайо шаарында саке (япондордун улуттук ичимдиги) чыгарып сатуу менен алектенген үй-бүлөдө туулган.
Мектептен соң Осакадагы Императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыккан. Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешкен. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген аталышка ээ болгон. Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечкен. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет.
Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдынкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдынкы орунду ээлеп келет.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында толкунга арналган айкел тургузулуп, ал кыймылдап туруучу касиетке ээ болгон. Анын узундугу 35,5 метр, салмагы 20 тоннадан ашып, Европадагы кыймылдап туруучу эң ири айкел деп табылган. Шамал убагында 6 метр аралыкка чейин жылган айкел кайра баштапкы ордуна келип калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында сот атактуу ырчы
Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын тиешеси жок деп тапкан. Ырчынын туугандары "AEG Live" компаниясын Жексондун өлүмүнө күнөөлөп, сотко кайрылган эле. Алардын айтымында, Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррейди ырчыга дал ушул компания жалдап берген. 12 адамдан турган сот арачылары "AEG Live" компаниясы Мюррейди жалдап бергенин тастыктап, бирок алардын кадамында мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыгарган. Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында көз жумган. Анын өлүмү үчүн мурдагы жеке дарыгери Конрад Мюррей күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Мюррей Жексонго уйку дарысын ашыра берип, коопсуздук чараларын көргөн эместиги айтылган.