
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы кыргыз элинин таланттуу айкелчиси, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү
Тургунбай Садыков Ош облусундагы Баткен районунун Говгусар айылында туулган. Ал бала кезинен эле сүрөтчү болууну эңсеген. Т.Садыков өзүнүн чыгармачылык ишин республикалык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен 1954-жылдары баштаган. Ал көбүнчө жыгач, таш, гранит, коло, чопо материалдары менен иштеген. Белгилүү скульптордун колунан көптөгөн көрүнүктүү эмгектер жаралган. Аларга "Жеңиш" аянтындагы "Жеңиш" эстелиги, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында тургузулган "Манас" скульптуралык комплекси жана башка көптөгөн эмгектери кирет.

* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы КРнын Президенти
Аскар Акаевдин жарлыгы менен Ош шаарынын макамы белгиленген. Жарлыкка ылайык, Ош шаары республиканын түштүк борбору деп таанылып, шаарда президенттин түштүк резиденциясы орун алган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Орусиянын депутаттары педофилдерди жазага тартууну катуулатуу тууралуу мыйзамды кабыл алышкан. Анда 14 жашка чейинки балдарды зордуктаган педофилдер өмүр бою түрмөгө камалышы мүмкүн болгон. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Тель-Авив-Новосибирск багыты боюнча учуп бараткан Ту-154 учагы Кара деңиздин үстүнөн кырсыкка учураган. Учактагы 88 кишинин баары каза болгон. Мамлекеттер аралык авиациялык комитет Крым жарым аралында аскердик окуу болуп жатканда Украинанын ракетасы учакты атайылап аткандыгы тууралуу аныктама чыгарган.