
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы бийчи, "Тумар КР" бий тобунун жетекчиси
Атай Өмүрзаков Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына тапшырган.
11-классты аяктап жатканда Улуттук биринчи канал уюштурган “Баракелде” телесынагына катышып, биринчиликке ээ болгон. Ошондон кийин "Украина таланттарга бай” (“Украина мае талант”), “Даңк мүнөтү” (“Минута славы”) долбооруна катышып, алдынкы байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми 2011-жылы Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайткан.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы кыргыз-кытай чек арасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өткөн. Жыйынтыгында Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылган. Миңге жакын адам жашаган айыл барууга кыйынчылык туудурган тоолуу аймакта, райондун борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөдөн 75 адам каза болгон. Мунун 73ү кырсык болгон жерде көз жумса, экөө ооруканадан кайтыш болгон. Каза болгондордун 39у аял, 36сы эркек. Алардын ичинен 41и мектеп жашындагы балдар.
Нура айылындагы 135 турак үй толугу менен талкаланып калган. Фин стилинде жыгачтан салынган 5 жыгач турак жай гана жер титирөөгө туруштук бере алган. Көп батирлүү барак тибиндеги үй, фельдшер-акушердик пункт, клуб жана китепкана толугу менен кулабаса да, керектен чыгып калган. Ал эми айылдык мектеп канааттандырарлык абалда болгон.
КРнын Президентинин жарлыгы менен 7-октябрь өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы англиялык актриса
Кейт Уинслет Англиянын Рединг шаарында туулган. Кейт Уинслеттин толук аны-жөнү - Кетрин Элизабет Уинслет. Ал эми жашоодогу лакап аты - Англиялык Роза.
Балалыгынан бери актриса болууга кызыккан Голливуддун супер жылдызы Лондондогу актёрлук мектептен билим алган. Актёрдук карьерасын 1991-жылы англиялык телеканалдан баштаган. Ал алгачкы ролун 1994-жылы "Небесные создания" тасмасында жараткан. Ал эми актрисага атак алып келген ролу "Титаник" тасмасындагы Розанын ролу болгон. Андан кийин "Перо маркиза де Сада", "Айрис", "Вечное сияние чистого разума", "Волшебная страна", "Как малые дети", "Чтец", "Дорога перемен" тасмаларына тартылган. Кейт Уинслет "Чтец" фильминдеги ролу үчүн "Оскар", BAFTA, "Алтын глобус", ал эми "Дорога перемен" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус", "Милдред Пирс" киносундагы жараткан образы үчүн "Алтын глобус", "Эмми" сыйлыктарына арзыган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы америкалык инженер жана жеке ишкер
Стив Жобс 56 жаш курагында уйку безиндеги рактын айынан көз жумган. Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган.
Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.