ШАЙЛОО-2015: Чүй облусунда шайлоо участкалары жабылды

20:00. Чүй облусунда шайлоо участкалары жабылды.
17:11. Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга айылында жайгашкан №7040-шайлоо участкасында көрүүсү начар аксакал урнаны сүзүп кетти. Азыркы убакта шайлоочулар башка урнаны күтүп жатышат.
14:52. Кант шаарындагы №114-шайлоо тилкесинде иштебей калган урнаны саат 14:50дө келип оңдошту. Шайлоочулар нааразы болушту.
14:46. Кант шаарындагы №114-шайлоо участкасында шайлоо учурунда саат 14:30да электрондук урна иштебей калды. Натыйжада кезек күткөндөр көп болуп кетти. 
13:29. "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Мыктыбек Абдылдаев Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы №7401-шайлоо участкасында добуш берди.
09:44. Чүй облусунда парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өтүүдө. Добуш берүүгө келгендердин саны көп. Бул тууралуу БШКнын аталган аймактагы өкүлү Анарбек Шеримбеков билдирди.
Бүгүн саат 08:00дө Чүй облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан