Шайлоодо добуш бергендердин саны боюнча маалымат 4 саат сайын жарыяланып турат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакынкы көрсөткүчтөр саат 12:00 чамасында жарыяланышы күтүлүүдө. Ал эми учурда добуш бергендердин саны бирдиктүү серверге чогултулууда. Ошондуктан азырынча БШКнын расмий сайтында облустар боюнча добуш берген шайлоочулардын саны көрсөтүлбөй турат.
Айта кетсек, буга чейин
аталган комиссия шайлоонун жыйынтыгы эртең гана жарыяланарын билдирген.