Алмазбек Атамбаев: "Эл өз тагдырына шайлоодо таасир эте аларын түшүндү"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-октябрда журналисттер менен жолугушууда мурунку шайлоолор менен бүгүнкү шайлоону салыштырды. Мамлекет башчы буга чейинки шайлоолордо демократия болбогонун айтат.
"Өлкөбүздү Бакиев башкарып турганда телеканалдардан жарандарыбыз бир гана партияны көрүшчү. Буга чейинки шайлоолор менен азыркы шайлоону салыштырганда, азыр атаандаштык пайда болгонун көрүп жатабыз. Бир ай бою көгүлтүр экранда ар кандай саясий партиялардын роликтери бирдей убакыт менен берилип жатты. Учурда элибиз беш жыл мурунку көз карашын алмаштырып, шайлоо жыйынтыгына таасир бере аларын түшүндү. Шайлоодон өздөрүнүн келечеги көз каранды экенин, өлкөбүздө демократия туруктуу болуп бара жатканын байкашууда",- деди өлкө башчы. 
Президент Алмазбек Атамбаев: "Бардык добуштар таза эсептелет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан